7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Январь 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1234
567891011
12131415161718
19202122232425
262728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Кыргызстан менен Татарстан билим берүүдө кызматташтыкты күчөтөт

687

27-апрелде Кыргызстандын Россиядагы элчиси Гүлнара-Клара Самат Татарстан Республикасынын билим берүү жана илим министри И. Хадиуллин менен жолугушту. Бул тууралуу Россиядагы элчиликтин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, билим берүү жана илим жаатында кызматташууну тереңдетүүгө, Кыргызстан менен Татарстандын билим берүү мекемелеринин ортосундагы байланышты арттырууга эки тараптуу кызыкдар бар экендиги белгиленген.

“Татарстандын орто атайын билим берүү тутумун реформалоо боюнча ийгиликтүү тажрыйбасын изилдөөгө кыргыз тарабынын кызыгуусу айтылган. Тараптар Кыргызстан менен Татарстандын кесиптик билим берүү жаатында кызматташуу программасын иштеп чыгуу боюнча пикир алмашышты”,-деп берилет маалыматта.

Эскерте кетсек,  Кыргызстандагы колледждердин биринин базасында Татарстандын орто атайын кесиптик билим берүү мекемесинин филиалын ачуу мүмкүнчүлүгүн карап чыгат.

 

 

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

688