7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Апрель 2024
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
2930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Кыргызстанда ушул жумада -38°C суук түшүшү күтүлүүдө

1400

Кыргызстанда ушул жумада -38°C суук түшүшү күтүлүүдө. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти.

Маалыматка ылайык, 9-10-январда жана 11-январда түнкүсүн туруксуз аба ырайы күтүлөт. Көпчүлүк аймактарда мезгил-мезгили менен кар жаашы, айрым жерлерде жаан-чачын катуу жаашы күтүлөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы айрым жерлерде секундасына 15-20 метрге жетиши ыктымал.

10-11-январларда абанын температурасы төмөндөп:

Чүй өрөөнүндө түнкүсүн -10…-15°, күндүз -5…-10° суук,

Талас өрөөнүндө түнкүсүн -13…-18°, күндүз -7…-12° суук,

Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын өрөөндөрүндө түнкүсүн -5…-10°, күндүз -3…-8° суук,

Ысык-Көл ойдуңунда түнкүсүн -6…-11°, күндүз -3…-8° суук,

Нарын облусунун дыйканчылык аймактарында жана тоолуу райондордо түнкүсүн -15…-20°, күндүз -12…-17° суук, тоо этектеринде түнкүсүн -12…-17°, күндүз -8…-13° суук, бийик тоолуу райондордо түнкүсүн -21…-26°, күндүз -15…-20° суук,

Суусамыр өрөөнүндө түнкүсүн -22…-27°, күндүз -16…-21° суук болушу күтүлөт.

Ал эми 12-13-январда абанын температурасы мындан ары төмөндөп:

Чүй, Талас өрөөндөрүндө түнкүсүн -20…-25°, күндүз -14…-19° суук,

Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын өрөөндөрүндө жана Ысык-Көл ойдуңунда түнкүсүн -12…-17°, күндүз -9…-14° суук,

Нарын облусунун дыйканчылык аймактарында жана тоолуу райондордо түнкүсүн -26…-31°, күндүз -17…-22° суук, тоо этектеринде түнкүсүн -22…-27°, күндүз -15…-20° суук, бийик тоолуу райондордо түнкүсүн -30…-35°, күндүз -23…-28° суук,

Суусамыр өрөөнүндө түнкүсүн -33…-38°, күндүз -23…-28° суук болушу күтүлөт.

Мындай анамалдуу суук аба ырайы жайыттарда малды кармоону, унаа, энергетика жана коммуналдык кызматтардын ишин кыйындатат.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

1401