УКМКнын Талас облусу боюнча башкармалыгы тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө күйүүчү-майлоочу майларды милдеттүү салыктык чегерүүлөрдү төлөбөстөн мыйзамсыз алып чыгуу аракетине бөгөт коюлду. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, 7-январда Талас районунун Кара-Ой айылында 1977-жылы туулган Н.А.А. аттуу кыргыз жаранынын башкаруусундагы мамлекеттик номери 08 KG 874 AAN “ДАФ” үлгүсүндөгү унаа кармалган.
Текшерүү учурунда тиешелүү документтери жана цистернанын капкактарында контролдук пломбалары жок 36 тонна (баасы 3 млн сомдон ашык) күйүүчү-майлоочу май бар экени аныкталган.
Учурда күйүүчү-майлоочу майлардын келип чыгышынын бардык жагдайларын изилдөө, ошондой эле милдеттүү салыктыкты төлөбөй коюу түрүндөгү зыяндын көлөмүн аныктоо боюнча тиешелүү ыкчам-иликтөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө.