7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Апрель 2024
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
2930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Кыргызстанда жаңы заманбап үлгүдөгү жүргүнчү ташуучу вагондор каттамга кирет

445

“Кыргыз темир жолу” Улуттук компаниясы” мамлекеттик ишканасынын вагон чарбасы боюнча филиалынын вагонду оңдоо заводунда республиканын ичиндеги каттамдар үчүн арналган  эксперименталдык модернизацияланган жүргүнчү вагону презентацияланды. Бул тууралуу аталган “Кыргыз темир жолу, Улуттук компаниясы” билдирди. Кыргыз Республикасынын калкынын арасында темир жол менен жүргүнчүлөрдү ташууну жайылтуу максатында  жана өлкөнүн туристтик тармагын өнүктүрүү үчүн Бишкек-1 вагонду оңдоо заводунда эсептен чыгарылууга жаткан 070 30005 вагону эксперименталдык жүргүнчү вагону модернизацияланган.

“Кыргыз темир жолу” УК” МИнин сыноо борбору менен өрткө каршы жана электр коопсуздук эрежелеринин талаптары боюнча шайкештигин аныктоочу бардык уруксат берүүчү актыларын алуу менен, вагондун бекемдигине жана коопсуздугуна сыноолор  жүргүзүлүп,вагондук кыймылдын коопсуздугун камсыз кылган жүрүүчү бөлүктөрүнүн жана автотоктоткучтардын жаңы элементтери орнотулган.

Жаңы заманбап вагондорду модернизациялоодо вагондун конструкциялык бөлүгү өзгөргөн жок, вагонду модернизациялоо ички интерьерди жакшыртуу жана темир жол транспортун тандап алган вагон салонундагы жүргүнчүлөрдүн  ыңгайлуулугу үчүн терезе эшиктери чоңойтулуп, панорамалык терезелер орнотулду, сапар учурунда бул Кыргызстандын жаратылышына көлөмдүү жана түркүн түстүү көрүнүш берет, жекече орнотулган отургучтарда бараткан жүргүнчүлөргө ыңгайлуулуукту камсыз кылып,  кышында жана жайында абаны кондиционерлөө системалары орнотулган, ошондой эле жүргүнчүлөрдүн ыңгайлуулугу үчүн вагондо суусундуктарды муздатуу үчүн муздаткыч жана муздак ичүүчү суу орнотулган. Жолдо жүрүүдө жүргүнчү жаңы толук экрандуу сыналгылардын стереосунун сапатын баалай алат.

Белгилей кетүүчү нерсе, вагонду модернизациялоо ишкананын күчү менен, тышкы инвестицияларды тартпастан жүргүзүлгөн.

Эске сала кетсек, 1992-жылы темир жолдун Ленин орденинин ээси Алма-Ата темир жолунун №3-Фрунзе бөлүмү Кыргыз темир жолу башкармалыгы болуп кайра түзүлгөн. 30 жылдан бери Кыргыз темир жолу жаңы жүргүнчү вагондорун алган эмес.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

446