Reuters агенттиги компаниянын билдирүүсүн төмөнкүчө жазды : “Coca-Cola’нын запастары кампаларда түгөнгөндөн кийин биздин компания Орусияда Coca-Cola жана Coca-Cola Company’нин башка брендин өндүрүп чыгарууну жана сатууну токтотот”.
Март айында компания “биз окуяларга көз салып турабыз” деп Орусияда ишмердүүлүгүн убактылуу токтотконун жарыялаган. Эми алар орус рыногунан толугу менен кеткенин билдирди.
Coca-Cola компаниясы аталган негизги суусундугунан сырткары Орусияда Fanta, Sprite, Schweppes тониктерин, Burn энергетиктерин, BonAqua, «Добрый», Pulpy, Rich жана «Моя Семья» сокторун өндүрүп, саткан.
Мындан сырткары, компаниянын Орусиядагы 10 компаниясынын тагдыры азырынча белгисиз.
Булак: Би би си кыргыз кызматы