Акыркы коңгуроо учурунда Жалал-Абад облусунун Сузак районунда мектеп бүтүрүүчүлөрүнүн бири мугалимдерди сынга алган Видео социалдык тармактарга 16-июнда тарап кызуу талкууга алынган. Окуучу Аркадий Гайдар атындагы мектепте окуганын белгилеп, мектептин системасы ага башынан эле жакпаганын, бирок айла жок болгону үчүн окуганын айткан.
«Мен негизинен Гайдар мектебинин мугалимдеринин бардыгын чын жүрөктөн сыйлайм, жашоодо чыныгы жакшы адамадар. Жашоодо дагы жакшы тааныйм. Анан «дос күйдүрүп айтат, душман сүйдүрүп айтат» деген макал бар. Бирок, мен бүгүн жалаң күйдүрүп айтайын деп жатам. […] Биздин мектепте чет тил сабагы окулат. Бирок, жыйынтык ноль же бир пайыз. Дене тарбия сабагынан атын айтпайм. Бирок, агайыбыз ичимдик жыттанып же спирт жыттанып келгени, бул мектеп үчүн 100 пайыз уят. Тыныгууда сыртта тамеки чегип турган агайлар, силер окуучуларга «Тамеки чекпе» деп, айтканы моралдык укугуңар жок», — деген окуучу.
Мындан сырткары сөзүнүн аягында бул сөздөрдү коркконунан башка бир дагы окуучу айта албаганын кошумчалады.
«10 жыл мурда кнопочный телефон болчу. Азыркы телефонуңарды карагыла. Смартфон, отпечатка, гугл, бардык маалыматты таап алса болот. 10 жыл мурдагы мектептин билим берүүсүн элестетебиз. Азыркы билим берүү менен салыштырып көргүлө. Айырма чоң. Өзгөрүү болгон жок», — деп сындады ал.
Ал эми 17-июнда аталган окуучунун дагы бир видеосу тарады. Анда бүтүрүүчү акыркы коңгуроодо айткан сөздөрүн «пранк» деп атап, аны тамаша катары кабыл алууну суранды.
Булак: Клооп