7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Октябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12345
6789101112
13141516171819
20212223242526
2728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Эл аралык баңги тобунун мүчөлөрү кармалды

663

Эл аралык баңги топтордун биринин мүчөлөрү кармалды. Бул  тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, Чүй облусунун аймагынан Кыргызстандын эки жараны кармалып, алардан жалпы салмагы 10 кг Ооган тектүү гашиш баңгизаты табылып алынган.

Жүргүзүлгөн иш-чаралардын жүрүшүндө аталган баңгизатын Талас облусунун Казакстан менен чектеш аймагынан К.Е.Б. аттуу Казакстандын жараны, Казакстанга контрабандалык жол менен алып кирип сатууну көздөгөнү аныкталган.

Козголгон кылмыш ишинин алкагында 28-августта “Чоң-Капка унаа жолу” көзөмөл-өткөрүү пунктунан Кыргызстандын мамлекеттик чек арасын кесип өтүү учурунда коңшу мамлекеттердин биринин жараны кармалып, УКМК тергөө камак жайынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Учурда Кыргызстандын жана Казакстандын жарандарынын ичинен бул баңги каналынын башка уюштуруучуларын аныктоо боюнч ыкчам-издөө иштери жүргүзүлүүдө.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

664