7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июль 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123456
78910111213
14151617181920
21222324252627
28293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Кыргызстанга 8 унааны мыйзамсыз алып кирген жаран кармалды

413

Кыргызстанга автоунааларды мыйзамсыз  алып кирүү аракетине бөгөт коюлду. Бул тууралуу УКМКдан билдирди.

Тактап айтканда,  М.З.Ж. аттуу КР жараны өзүнүн шериктери  менен 8 даана автоунаага  жасалма документтерди колдонушуп,  КР аймагында андан ары легалдаштыруу жана сатуу үчүн «Каркыра-Автожол» көзөмөл-өткөрүү пункту аркылуу мамлекеттик чек араны кесип өтүүгө аракет кылышкан.

Атайылап жасалма документтерди колдонуу фактысы боюнча УКМК тарабынан кылмыш иши козголду.

Учурда кармалган жаран Каракол ШИИБнын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Ошол эле учурда  аталган фактыга тиешеси бар башка адамдарды аныктоо боюнча комплекстүү ыкчам-иликтөө  иш-чаралары жүргүзүлүүдө.

 

414