7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июль 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123456
78910111213
14151617181920
21222324252627
28293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Жаш балдардын жыныстык кол тийбестигине шек келтирген эркектер өмүр бою эркиндигинен ажырашы мүмкүн

504

Президент Жапаров  “Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына (Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексине, КРнын Кылмыш-жаза процессуалдык кодексине) өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” КРнын мыйзамына кол койду.

Мыйзам 2024-жылдын 11-апрелинде Жогорку Кеңеш тарабынан кабыл алынган.

Кабыл алынган мыйзам менен Кылмыш-жаза кодексине өзгөртүүлөр киргизилди, ага ылайык кылмыш жасаган учурда алтымыш жаш куракка жеткен, баланын жыныстык кол тийбестигине жана жыныстык эркиндигине каршы кылмыш жасаган эркектерге өмүр бою эркиндигинен ажыратуу түрүндө жаза дайындалышы мүмкүн.

Ошондой эле мыйзам менен  КРнын Жазык-процессуалдык кодексине өзгөртүүлөр киргизилип, анда сот жазаны өтөөгө тоскоол болгон катуу оорунун бар экендигине карабастан баланын жыныстык кол тийбестигине жана жыныстык эркиндигине каршы кылмыш жасаган адамга жаза дайындоо менен айыптоо өкүмүн чыгараары каралган.

505