7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Апрель 2024
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
2930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Лебединовка айыл өкмөтүнүн мурдагы башчысы алдамчылыкка шектелүүдө

485

Лебединовка айыл өкмөтүнүн мурдагы башчысы алдамчылыкка шектелүүдө. Бул тууралуу жабырлануучу Нурпайыз Назаров билдирди.

Анын айтымында, 1997-жылы анын үй-бүлөсү 4,3 гектар айыл чарба жерин Бердибек Чынтемировго ижарага берген.

“2015-жылы ал айыл өкмөттүн башчысы болду. Ошол жылы ал апама чарба жерин сатып, анын ордуна үй жана унаа сатып берем деп убада берген. Ошондуктан жер тилкесине ишеним кат жазып берүүнү өтүнгөн. Апам жазып берген, бирок Чынтемировдон эч нерсе кайткан жок. Көрсө ал ошол учурда документ жасап, үчүнчү жактарга жерди сатып жиберген экен. Май айында жергиликтүү милиция кызматкерлерине кайрылдык. Бирок ал жактан ар кандай себептерден улам иш каралган жок. Бир убакта ишти жаап салышты, кийин жоготуп да жиберишти. Андан кийин биз Бишкекке кайрылдык. Бүгүн дело табылганын айтышты”, — дейт ал.

Бул иш боюнча Чүй ОИИБИ карап, Аламүдүн РИИБине жабырлануучулардын биринен 25-июнда кайрылуу келип түшкөнүн тастыктады.  Факты КР Кылмыш-жаза кодексинин 204-беренеси («Алдамчылык») менен Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталды.

«Иш боюнча экспертиза дайындалып, анын корутундусу боюнча юридикалык баа берилет. Ошондой эле сотко чейинки өндүрүштү толук, ар тараптуу жана объективдүү кароого багытталган тергөө-ыкчам иш-чаралары жүрүп жатат», – деп айтылат милициянын маалыматында.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

486