Бишкектин административдик соту Талант Мамытов боюнча Борбордук шайлоо комиссиясынын чечимин жокко чыгарды. Буга чейин БШК Жогорку Кеңештин төрагасы Талант Мамытовду «иштен кетпей туруп, шайлоого аттанган» -деген жүйө менен талапкер катары каттоодон баш тарткан болчу.
Эске сала кетсек Талант Мамытов 28-ноябрда боло турган парламенттик шайлоого «Ынтымак» партиясы менен аттынган. Жогорку Кеңештин басма сөз кызматы «Азаттыкка» парламент төрагасы кызматын тапшырбай туруп шайлоого барса болот деп билдирген.
Бирок, 2021-жылы кабыл алынган Шайлоо жөнүндөгү жаңы Конституциялык мыйзамга ылайык шайлоого бараткан мамлекеттик кызматкерлер кызматтан кетиши керек.
“Ынтымак” саясий партиясы Борбордук шайлоо комиссиясынын чечими «өтө шашылыш, кворум жоктугуна карабай жана процессуалдык талаптар сакталбастан, «Ынтымак» партиясынын өкүлүсүз кабыл алынганын билдирип, Бишкектин административдик сотуна кайрылган.