Жалал-Абад шаардык кеңешине жаңы депутат келди. Бул тууралуу Жалал-Абад шаардык мэриясынын басма сөз кызматы билдирет.
Маалыматка ылайык, Жалал-Абад шаардык кеңешинин кезектеги сессиясында төрага Нуртилек Орозбаев «Ата-Журт Кыргызстан» саясий партиясынан Канат Турдукуловго төш белги жана күбөлүк тапшырып, депутаттык ишмердүүлүгүнө ийгилик каалады.
Ал буга чейин «Жалал-Абад Тазалык» мекемесинде жетекчилик кызматты аркалап, өз арызы менен кызматынан бошотулган болчу.