7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Март 2024
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123
45678910
11121314151617
18192021222324
25262728293031
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Россиядагы кыргызстандыктар шайлоого кантип катышат жана каттоо качан аяктайт?

18130

28-ноябрда өтө турчу парламенттик шайлоодо добуш берүү үчүн Орусиядагы кыргызстандыктарды каттоо 12-ноябрда аяктайт. Бул тууралуу Кыргызстандын Орусиядагы элчилиги билдирди.

Маалыматка ылайык, кыргыз жарандары бул күнгө чейин консулдук каттоого туруп, биометрикалык маалыматтарын тапшыруусу керек. Эгер биометрикалык маалыматтарын тапшырган жарандар болсо консулдук каттоого аралыктан, онлайн катталса болот.

Ошондорй эле Орусияда Москва, Санкт-Петербург, Сургут, Самара, Краснодар, Казан, Екатеринбург, Новосибирск, Красноярск, Тюмен, Томск, Иркутск, Хабаровск, Владивосток шаарларында, Якутияда жана Түштүк Сахалинде шайлоо участоктору иштейт.

Белгилей кетсек, 28-ноябрга белгиленген шайлоодо парламентке саясий партиялар аркылуу 54 депутат, ал эми бир мандаттуу округдардан 36 депутат шайланышы керек.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

18131