Бишкек шаарында алдын ала маалымат боюнча, Алыкулов көчөсүндө жайгашкан мектеп-интернатынын актовый залынан өрт чыкты.
ӨКМден маалымдашкандай, имараттан болжол менен 600дөй адам эвакуацияланып, өрт саат 14:25 чектөөгө алынды. Жабыркагандар жок. Актовый залдын чатырынын 50 чарчы метри күйүп, түтүн каптаган.
Учурда өрттү толук өчүрүү иштери уланууда. Кошумча маалымат берилет.