7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Апрель 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123456
78910111213
14151617181920
21222324252627
282930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Муктаж үй-бүлөлөргө 200 баш саан уй берилди

438

«Кумтөр Голд Компани» жабык акционердик коомунун президенти Алмазбек Барыктабасов Ысык-Көл облусунун Тоң жана Жети-Өгүз райондорундагы муктаж жарандарга жардам көрсөтүү иш чарасына катышты.

Алмазбек Барыктабасов билдиргендей, ишкана социалдык милдеттенмелерин аткаруунун алкагында Ысык-Көл облусунун Тоң районунун 100, Жети-Өгүз районунун 100 үй-бүлөсүнө бирден музоолуу жана бооз уйларды тапшыруу чечимин кабыл алган.

«Кумтөр социалдык жоопкерчиликтүү компания катары ушундай жакшы саамалыкты баштады. 18 миллион сомго саан уйларды сатып алып, Жети-Өгүз жана Тоң райондорунун жардамга муктаж болгон 200 үй бүлөсүнө тапшырдык. Бул иш-чара президент Садыр Жапаровдун жакырчылыкты жоюу боюнча коюлган тапшырмаларынын негизинде ишке ашырылууда», – деди ал.

Белгилей кетсек, бул жардам жергиликтүү бийлик тарабынан берилген тизме боюнча социалдык жактан өтө муктаж тургундарга таратылды.

Кумтөр ишканасы тарабынан аймакта ирригациялык, таза суу жана кайра иштетүү боюнча чоң-чоң долбоорлор каржыланып, медицина, билим берүү тармагына да ар кандай колдоолор көрсөтүлүүдө. Жыл сайын аялуу катмардагы жарандарга көмүр, азык-түлүк баштыктары үзгүлтүксүз таратылып келет. Мындан сырткары ишкана “Ысык-Көл облусун өнүктүрүү” фондуна 2023-жылы 8 млн 389 миң доллар которгон.

439