7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Март 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
23242526272829
3031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Бишкектеги чаңдан арылуу үчүн шаарды курчай бак отургузулат

547

Бишкек мэриясы чаңдан арылуу үчүн шаарды курчай бак тигет. Бул тууралуу вице-мэр Жыргалбек Шабыралиев Жогорку Кеңештин Отун-энергетикалык комплекси, жер казынасын пайдалануу жана өнөр жай саясаты боюнча комитетинин жыйынында билдирди.

«Ыш түтүндөн эле эмес, Сокулуктан жана жогорку аймактардан келген чаңдан улам да күчөп жатат. Совет доорунда талааларды айланта бактар отургузулчу, азыр анын көбү калбай калды. Борбор калаанын чек арадагы көчөлөрүнүн баарына бак тигели деп жатабыз. Долбоор боюнча буга 7,1 миллион сом каралган. Акча техникага, тамчылатып сугаруу системасына жана скважиналарга жумшалат», — деди Шамыралиев.

548