7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июнь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
23242526272829
30  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Министр: 600 миңге жакын бала ысык тамак менен камсыздалды

465

Башталгыч класстын балдары үчүн бир жолку тамактанууну уюштурууга бардык шарттар түзүлгөн. Учурда өлкөдө 600 миңге жакын бала ысык тамак менен камсыздалды жана аларды каржылоо республикалык бюджеттен жүргүзүлөт. Бул тууралуу билим берүү жана илим министри Догдуркул Кендирбаева Бишкекте өткөн КМШ өлкөлөрүнүн мектеп тамак-ашы боюнча форумунда кабарлады.

Догдуркул Кендирбаева форум – КМШ өлкөлөрүнүн мектеп тамак-аш программаларын натыйжалуу ишке ашыруу боюнча алдыңкы тажрыйбаларын алмашууга мүмкүнчүлүк түзгөн мыкты аянтча экендигин белгиледи.

“Улуттук мектеп тамак-аш программасынын негизги максаты – башталгыч класстардын окуучуларын пайдалуу ысык тамактар менен камсыз кылуу. Анткени мектеп тамак-ашы сапаттуу билим алууга өбөлгө түзүп, балдардын окууга болгон дымагын жана натыйжалуулугун жогорулатат ”, — деди министр.

Буга кошумча Кендирбаева БУУнун Дүйнөлүк азык-түлүк программасы “Мектептеги тамак-ашты оптималдаштыруу” программасынын алкагында техникалык, инфраструктуралык колдоо көрсөткөндүгүн, ошондой эле менюну иштеп чыгууга көмөктөшкөндүгүн белгиледи.

Мектеп тамак-ашы боюнча биринчи форумга КМШга мүчө өлкөлөрдүн жана башка кызыкдар өлкөлөрдүн мамлекеттик бийлик органдарынын жетекчилери, бул чөйрөдөгү алдыңкы эл аралык институттардын жана мекемелердин өкүлдөрү, профилдик илимий, эксперттик жана коммерциялык уюмдар катышты.

466