7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июль 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123456
78910111213
14151617181920
21222324252627
28293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Мыйзамсыз акча чогулткан. «Кадастр» мекемесинин жетекчиси кармалды

760

Кызматкерлерден мыйзамсыз акча талап кылуу фактысы боюнча «Кадастр» мамлекеттик мекемесинин жетекчиси кармалды.

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитеттин маалымат кызматы кабарлагандай, 25-июлда Айыл чарба министрлигине караштуу Жер ресурстары кызматынын «Кадастр» мамлекеттик мекемесинин директору «С.Э.К.» кармалган.

«Аталган мамлекеттик органдын жетекчилиги тарабынан кол алдындагы кызматкерлерден акча талап кылуу боюнча туруктуу коррупциялык схема түзүлгөнү аныкталды. Жетекчилик текшерүү органдарына өткөрүп берем деп коркутуу менен кызматкерлердин эмгек акысынан дагы 3-6 миң сом мыйзамсыз кармап турган»,-деп айтылат маалыматта.

Алынган далилдердин негизинде «Кадастр» мекемесинин директору Кылмыш-процессуалдык кодексинин 98-беренесине ылайык кармалып, УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилген. Учурда тергөө иштери жүрүп жатат.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

761