7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июнь 2024
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12
3456789
10111213141516
17181920212223
24252627282930
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Ноокаттагы 452 млн сомдук жер мамлекетке өттү

180

Ош облусунун Жаңы-Ноокат айыл аймагындагы 452 миллион 100 миң сомдук 41 гектар жер тилкеси мамлекетке кайтарылды. Бул тууралуу УКМК билдирет .

Ноокат райондук мамлекеттик администрациясынын 2000-жылдын 26-июнундагы №882 жана 2014-жылдын 30-декабрындагы №68 токтомдорунун негизинде айрым кызмат адамдары тарабынан тиешелүү трансформациялоо иштери жүргүзүлбөстөн, жергиликтүү калкка жеке турак жай куруу үчүн жалпы аянты 41 гектар жер тилкеси мыйзамсыз берилген.

Жер кодексинин 1-беренесинин 14-бөлүгүнө ылайык, сугат айдоо жерлери, анын ичинде көп жылдык өсүмдүктөр өстүрүлгөн баалуу айыл чарба жерлери, кайрак жерлер, маданий жайыттар, чабындылар өзгөчө баалуу жерлердин категориясына кирет. Жайыт жерлерин түп-тамырынан бери жакшыртуу үчүн, өкмөттүн чечими боюнча гана жердин башка түрлөрүнө же башка категорияларга которулууга тийиш. Жер участогун максаттуу багытынан тышкары башкача пайдаланууга жол берилбейт.

Айыл чарба багытындагы жерлерди жеке турак-жай куруу үчүн мыйзамсыз берүү фактысы далилденип, ага байланыштуу УКМК тарабынан Ноокат районунун прокуратурасы менен биргеликте чара көрүлдү. Мамлекетке келтирилген материалдык чыгым 452 миллион сом деп эсептелинип, жогорудагы жер тилкеси Жаңы-Ноокат айыл аймагынын балансына кайтарылды.

Козголгон кылмыш иши боюнча мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын бир катар кызмат адамдары, анын ичинде мурда жетекчи кызмат орундарын ээлеген адамдар Кылмыш-жаза кодексинин 337-беренесинин 3-бөлүгүндө каралган кылмышты, өзгөчө ири өлчөмдө зыян келтирүү менен, кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалангандыгы үчүн кылмыш жоопкерчилигине тартылды. Айрым кызмат адамдарына карата УКМКнын тергөө абагына камакка алуу түрүндөгү баш коргоо чарасы тандалып алынды.

181