7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Апрель 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123456
78910111213
14151617181920
21222324252627
282930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Пара берем деп жатып тузакка түшкөн аксакал

379

Мурда бир нече жолу соттолгон жаран кылмыш ишин бүтүрүү максатында акча беремин деп колго түштү. Бул тууралуу ИИМ кабарлады.

Кадамжай районунун Үч-Коргон айылында Кызыл-Кыя шаарынын 62 жаштагы тургунун текшерген учурда жанынан кара-күрөң түстөгү өзгөчө жыты бар зат табылган. Соттук-химиялык экспертизадан кийин «гашиш» түрүндөгү бангизат каражаты экендиги аныкталган.

“Женго” каймана аты менен белгилүү Кадыр Досоновдун уюшкан кылмыштуу тобунун активдүү мүчөсү, “Хажы” каймана аты менен жүргөн Кызыл-Кыя шаарынын А.С. аттуу тургуну өзүнүн мурда жасаган кылмышын жаап салуу үчүн милиция кызматкерине пара катары 1000 АКШ долларын берген учурда кармалган.

Шектүү убактылуу кармоо жайына киргизилип, тергөө иштери уланууда.

380