7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Сентябрь 2024
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
23242526272829
30  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Октябрь райондук билим берүү башкармалыгынын жетекчиси пара берип жаткан жеринен кармалды

207

Бишкек шаарынын Октябрь райондук билим берүү башкармалыгында опузалоо фактысы боюнча жаңы фигурантты аныкталды. Бул тууралуу УКМКдан билдирди.

Март айында Эсептөө палатасынын маминспектору жалпы билим берүүчү мектептердин жана мектепке чейинки мекемелердин жетекчилеринен пара алып жаткан жеринен кармалган. Тергөөнүн жүрүшүндө ал Октябрь райондук билим берүү башкармалыгын текшерүү учурунда отчетто каржылык одоно мыйзам бузууларды көрсөтүү шылтоосу менен акча талап кылганы аныкталган.

Аталган инспектор тийиштүү акчаны алгандан кийин 22 билим берүү мекемесинин каржы-чарбалык ишмердүүлүгүн текшерүүгө албоо ниетин билдирип, жыйынтыгында окуучулардын ата-энелеринен ар кандай шылтоолор менен акча каражаты талап кылынган. Тергөөнүн жүрүшүндө Бишкек шаарынын Октябрь райондук билим берүү башкармалыгынын башчысы Э.Л.М. тарабынан билим берүү жана мектепке чейинки мекемелердин жетекчилерин ар кандай жолдор менен акча каражаттарын мыйзамсыз чогултууну уюштурууга мажбурлаганы аныкталган.

Мектеп жана бала бакчалардын директорлору тарабынан мектептерден 25 миң сомдон, бала бакчалардан 20 миң сомдон алынып, жалпысынан 189 миң сом жана 5 100 АКШ доллары чогултулган. Аталган акча каражаты Э.Л.М.га которулуп, ал маселени оң чечүү, аныкталган мыйзам бузууларды жашыруу жана текшерүүнү андан ары формалдуу жүргүзүү үчүн акча каражатын Эсеп палатасынын мамлекеттик инспектору М.Ф.К.га берүүгө тийиш болгон.

Кылмыш-жаза кодексинин 345-беренесинин 2-бөлүгүнүн 1,2-пункту менен кылмышка шектүү катары Бишкек шаарынын Октябрь райондук билим берүү башкармалыгынын башчысы Э.Л.М. Кылмыш-процессуалдык кодексинин 96-беренесине ылайык кармалып, Бишкек ШИИБнин убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Учурда ыкчам-иликтөө иш-чаралары уланууда.

 

208