7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Апрель 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123456
78910111213
14151617181920
21222324252627
282930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Садыр Жапаров менен Камчыбек Ташиевдин жакындарынын кармалышы боюнча …

319

Садыр Жапаровдун жана Камчыбек Ташиевдин жакындарынын кармалышы боюнча президенттин маалымат катчысы Аскат Алагөзов төмөндөгүлөрдү билдирди:

“Бир нече маалымат сайттары Президент Садыр Жапаровдун жана МинКаб Төрагасынын орун басары – УКМК Төрагасы Камчыбек Ташиевдин жакындары кылмышка шектелип кармалганын өздүк булактарына шилтеме кылып кабарлашты.

Алардын мыйзамсыз аракеттерге баруусу боюнча компетенттүү органдар расмий маалымат беришет.

Сиздердин көңүлүңүздөрдү дагы бир жолу өлкөбүздүн жогорку бийлиги мыйзамсыз аракетке баргандарды калкалабай тургандыгына бургум келет.

Президент Садыр Жапаров мыйзамсыз аракетке баргандар ким болбосун иштеп жаткан мыйзамдардын чегинде ээлеген кызматына, социалдык статусуна карабай жооп бериши керек деген айныгыс позицияны карманат”,-деди ал.

Бүгүн Садыр Жапаровдун иниси жана Камчыбек Ташиевдин бажасы кармалды деген маалыматтар тараган.

320