7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Сентябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
2930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

«Окуучулар кандай форма кийишет? Онлайн окуу болобу?» Министрликтен жооп

2496

Августтун ортосунда билим берүү мекемелери кандай форматта иштеп баштаары белгилүү болот. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министринин орун басары Надира Жусупбекова бүгүн, 5 -августта маалымат жыйынында билдирди.

Анын айтымында, мектептердин кантип иштээри — онлайн жана оффлайн — эки факторго көз каранды болот. Ошондой эле жаңы окуу жылында мектептер кандай иштээри жок дегенде 2 жума мурун белгилүү болот.

«Бизде 120 миңге жакын педагогикалык кызматкерлер бар. 60% вакцина алышты. Эмделгендер 70% дан ашса мектептер ачылат. Дарыгерлер вакцинаны азырынча алуу мүмкүн эмес экенин айткан мугалимдер 30%ды түзүүдө. Экинчи фактор — эпидемиологиялык кырдаал. Ар бир райондук штаб, эпидемиялык кырдаалга таянып, билим берүү мекемелери кандай режимде иштээрин өзү чечет, жана үй-бүлөлөрдүн жашоосун жеңилдетүү үчүн расмий форма кийүү буйругун жокко чыгардык. Үстүнө ачык тустөгү, астына кара кийим кийүү жетиштүү», — дейт Жусупбекова.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

2497