7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Январь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12345
6789101112
13141516171819
20212223242526
2728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Орозайым Нарматова: “Адахан Мадумаров биз сыяктуу жаштардын башын айландырып салды”

790

“Бүтүн Кыргызстан” партиясы менен депутаттыкка аттанып, бирок, кийин парламенттен четтетилген коомдук активист Орозайым Нарматова белгилүү бир телеканалга берген маегинде кантип саясатка аралашып калганын айтып берген.

Маекти өзгөртүүсүз беребиз:

-Орозайым айым, сизди биздин студияга атайы чакырып сиз менен өткөн-кеткен окуялар, саясий оюндар жана келечектеги пландарын боюнча баарлашсак дедик. Келип бергенинизге чоң рахмат.

– Эч нерсе эмес.

Айтыңызчы, саясатка кантип, качан келип калдыңыз? 

– Мен башында саясатка көп деле кызыкпайт элем. Москвада иштеп жүргөн кезим болчу. 2012-жылы Садыр Жапаров менен Камчыбек Ташиев Кумтөрду алабыз деп камалып калышты. Ошондон баштап мен дагы Кумтөрдүн тагдыры боюнча маалымат чогулта баштадым. Башта Кумтөр боюнча баарыбызда эле толук маалымат жок эле да. Экөө камалып калгандан кийин биле баштабадыкпы. Көрсө Кумтөрдү иштеткендер башынан баштап эле биздин өлкөнү алдап келе жатышкан экен. Ошентип ошол мезгилден баштап эле Садыр Жапаров менен Камчыбек Ташиевди колдоп баштадым. Москвадагы мигранттарды чогултуп, өзүнчө команда түзүп, “экөөнү колдошубуз керек” деп иш жүргүзө баштадым. Бир жылдан кийин экөө камактан чыгышты. Садыр Жапаров менен Москвада жүзмө жүз жолугуштук. Кумтөр боюнча дагы да толук маалымат алдым. Ал маалыматтарды китеп кылып чыгарып, элге таратып жүрдүм. Элге Кумтөр жөнүндө маалыматтын толук жетишине менин дагы салымым чоң десем болот.

Анан кантип Мадумаровко кошулуп калдыңыз? 

– 2017-жылы Садыр Жапаров чет өлкөдөн келип камалып калды. Экөөбүз вотсап аркылуу кабарлашып турдук. Аңгыча президенттик шайлоо башталып калды. Мен Садыр Нуркожоевичтен сурандым. «Мадумаровко иштейли, ошол өтүп кетсе сизди чыгарат» деп. «Өзүңөр билгиле, мен өзүм камакта жатсам аралашпай эле коёюн», – деди. Бир апта өткөндөн кийин Камчыбек Кыдыршаевич чакырып калды. Мен Садыр Нуркожоевичке чалып, «Камчыбек Кыдыршаевич чакырып жатат, барайынбы?» – десем, «Барып ук, эмне дейт», – деди. Эртеси күнү бардым. Камчыбек Кыдыршаевич «Сооронбай Жээнбековко иштегиле», – деп суранды. Мен «бул Алмаз Атамбаевдин кишиси болсо Садыр Нуркожоевичти кантип чыгармак эле», – деп сурадым. «Чыгарат. Мен сүйлөшүп койдум», – деди. Менин ички туюмум ишенбей туруп алды. Акыр аягы менен ички туюмум туура чыкты. Сооронбай Жээнбеков чыгарган жок го акыры. Кийин Камчыбек Кыдыршаевичтен “Эмнеге чыгарбай жатат?”- деп сурасам “Кидать этти”, – деди.

Ошентип шайлоо өнөктүгүндө мен Адахан Мадумаровко иштеп кеттим. Ал өтпөй калды. Эми 2020-жылдагы парламенттик шайлоого даярданалы деп ишибизди улантып жаттык. 2020-жылы эмне болгонун өзүңөр көрдүңөр.

2020-жылы октябрь окуясында Садыр Жапаров камактан чыгып, бийликке келбедиби? Сиз эмне үчүн кайрадан ага кошулган жоксуз? Башында катуу колдоп жүрдүңүз эле го? 

– Чынымды айтайын, Адахан Мадумаров биздин башыбызды айлантып салды. «Ал түрмөдөн чыкты. Ал президент болуп калса, биз менен бир дагы өлкө, керек болсо саламдашпай калат. Бизге президенттер келбейт, биздикин кабыл албайт», – деп. Ушундай тажрыйбалуу саясатчы айтып атса “ии чын экен” деп ишенип алып артынан ээрчип кете бериптирбиз. Кийин карасам президенттердин баары эле келип атат. Бардык барган жеринде президенттер жапжакшынакай эле тосуп алып жатышат. «Кумтөрдү дагы ала албайт. Садыр Жапаровдун каалоосу менен эле алып койгудай ал оюнчук оокат эмес», – деп бизди ишендирип салган. Кийин карасак алып коюшту. Дагы бир топ жакшы иштер бар. Дароо эсиме келбей жатат. Биз жаштар өзүбүз адашпайт экенбиз. Бизди карт бөрү саясатчылар өз кызыкчылыктары үчүн адаштырып коюшат экен. Кемпир-Абад боюнча дагы бизди адаштырышты.

Биз кагаздарын көрбөгөндөн кийин “Кемпир-Абад кетти” десе эле, “ии кетип аткан турбайбы” деп ишенип алыптырбыз. Көрсө кетпей эле 50 пайызы келип атыптыр. Мындан ары 50/50 башкарат экенбиз. Суунун астында жаткан 4127 гектар жер тээ 1965-жылы эле алмашылган экен. Архивдик кагаздарын өз көзүм менен көргөндөн кийин биз алданып жатканыбызды билип катуу өкүндүм.

– Көз көрүнөө жасап жаткан иштерин көрүп, колдобоско айлабыз жок. Сиздер ойлоп калбагыла, “бул кыз коркуп калган экен, ошол үчүн айла жок колдойм деп атат” деп. Жок. Мен бир гана Кудайдан корком. Болгону жасап жаткан иштерин көрүп колдойун деп атам. Чынын айтсам мен бир жарым жыл оппозиция болуп келдим. Ал эми көрүнүктүү иштер бир жылдан бери эле башталды да. «Бара-бара бакыр болом, көрө-көрө көсөм болом» дегендей, убакыт өткөн сайын тажрыйба алып, саясатчылардын кимиси калпычы, кимиси чынчыл экенин тез эле аңдап билип калат экенсиң.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

791