7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Сентябрь 2023
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123
45678910
11121314151617
18192021222324
252627282930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
Бишкек, KG
13°C

Threads аттуу жаңы социалдык түйүн ишке кирди. Анын өзгөчөлүгү…

420

Америкалык Meta компаниясы Threads аттуу жаңы социалдык түйүндү ишке киргизди. Meta’нын башкы директору Марк Цукербергдин айтымында, алгачкы сааттарда эле соцтүйүнгө 5 миллиондон ашык колдонуучу катталды.

Threads Twitter’дин негизги атаандашы болору айтылууда. Аталган түйүнгө кирүү үчүн Instagram аккаунт талап кылынат. Ошол эле маалда жаңы соцтүйүндө Threads тиркемесин колдонуп жаткан инстаграм-профилдердин катталуучулары сакталып калат.

Meta Threads түйүнүн аккаунттарды жана катталуучуларды башка тиркемеге көчүрүүгө мүмкүндүк берген ActivityPub технологиясы менен шейкеш иштегидей кылуу пландалып жатканын билдирди. «Бул ар түрдүү жана өз ара байланышы бар түйүндөрдүн жаңы доорун ачат», – деп жазылган компаниянын маалыматында.

Threads түйүнүндө 500 символдон ашпаган билдирүүлөрдү жазып, беш мүнөткө чейинки видеолорду чыгарууга болот. Учурда бул тиркемени Play Market менен App Store платформаларынан дүйнөнүн жүздөгөн өлкөлөрүндө жүктөп алууга болот. Мыйзамдагы чектөөлөргө байланыштуу азырынча тиркемени Европа Биримдигине мүчө өлкөлөрдүн жашоочулары колдоно алышпайт.

Threads Twitter социалдык түйүнүнүн жетекчилиги бир катар талаштуу кадамдарга барып жаткан чакта чыгууда. Дем алыш күндөрү Twitter көпчүлүк колдонуучулар үчүн бир күндө көрүүгө мүмкүн болгон билдирүүлөрдүн санын 600гө чейин чектеген. Ага чейин соцтүйүндүн ээси Илон Маск пропагандага каршы күрөшүү боюнча адистерди иштен кетирген. Анда эксперттердин көбү бул кадам социалдык түйүндүн «коопсуздугун кыйла төмөндөтө турганын» айтышкан.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

421