Бишкектеги базарлардын биринде чет өлкөлүк жарандын акча каражатын уурдап кеткен шектүү кармалды. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, чет өлкөлүк жаран ички иштер органдарына кайрылып, 2022-жылдын 26-декабрь күнү Ош базарынан белгисиз адамдар сумканын ичинен 100000 сомду, 500 АКШ долларын, 200 еврону жана 120000 теңгени уурдап кетишкенин билдирген.
Аталган факт Ленин райондук милициясында катталып, тергөө амалдары жүргүзүлө баштаган.
Милиция кызматкерлери видео көзөмөлдөн сыя түстөгү курткачан шектүү адамды байкашкан. Видеодо чөнтөк уурулар базарда кезектеги жабырлануучуларды таап, уурулук үчүн ыңгайлуу убакытты күтүп турушканын көрүүгө болот.
Иликтөөдөн соң шектүүлөр аныкталып, Нарын облусунун тургуну К.М. кармашты. Ал мурда бир нече жолу соттолгон.
Жогорудагы кылмышка тиешеси бар дагы бир жаранды кармоо боюнча чаралар көрүлүп, учурда иликтөө иштери жүргүзүлүүдө.