7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Апрель 2024
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
2930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Президент «КРнын Баатыры» даражасына татыктуу болгон кыргызстандыктарга сыйлыктарды тапшырды (ФОТО)

459

Бүгүн, 2-сентябрда, өлкөгө жана элге өзгөчө эмгек кылган жарандарга мамлекеттик сыйлыктарды тапшыруу салтанаттуу аземи болуп өттү.

Буга чейин өлкөнүн Көз карандысыздыгынын күнүнө карата президент Садыр Жапаров бир катар ишмерлерге  “Кыргыз Республикасынын Баатыры” эң жогорку артыкчылык даражасын ыйгаруу, ошондой эле “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сыйлыктары менен сыйлоо жөнүндө” Жарлыкка кол койгон.

Күндүн биринчи жарымында сыйлыктар мамлекеттин жана Кыргызстан элинин алдында сиңирген өзгөчө эмгеги үчүн “Кыргыз Республикасынын Баатыры” эң жогорку артыкчылык даражасына татыктуу болгондорго тапшырылды.

Алар: Мамлекеттик ишмер Апасу Жумагулов, мамлекеттик ишмер, Түр мамлекеттер уюмунун аксакалдар кеңешинин мүчөсү Медетхан Шеримкулов, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары — Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиев.

Мындан тышкары, салтанаттуу иш-чарага өлкөнүн социалдык-экономикалык өнүгүүсүнө өз салымын кошуп жаткан дарыгерлер, педагогдор, кесипкөй инженерлер, заман талабына ылайык келген жаңы кесип ээлери жана башкалар катышты.

Мамлекет башчысы өз сөзүндө мамлекеттүүлүктү жана элдин биримдигин чыңдоо максатында эмгектери элге кеңири таанылып, урмат-сыйга ээ болгон инсандарга өзгөчө көңүл бурулуп, улуттук духту көтөрө турганын баса белгиледи.

Президент Садыр Жапаров “Манас”, “Даңк” ордендери, “Эл артисти”, “Эмгек сиңиген ишмер” жана башка наам, сыйлыктар дал ушундай үзүрлүү эмгектери менен айырмаланган жарандарга дем берүү, эмгегин баалоо, кийинки муунга өрнөк болуусу үчүн уюштурулганын белгиледи.

Сыйлыктарды тапшыруу аземи күндүн экинчи жарымында улантылат. Башталышы 16:00дө.

Түз эфир УТРК, республикалык жана облустук телеканалдарда, социалдык түйүн баракчаларында болот.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

460