7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Октябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12345
6789101112
13141516171819
20212223242526
2728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Пара талап кылган жана сойкулукту колдоого алган шаардык милиция кызматкерлери кармалды

691

Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынын жана Свердлов райондук ички иштер башкармалыгынын айрым кызматкерлери чет элдик жарандардан пара талап кылган фактылар аныкталды. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынын жана Свердлов райондук ички иштер башкармалыгынын айрым кызматкерлери Пакистандын жарандары менен кылмыштуу бүтүмгө барып, сойкулук кылганы үчүн кылмыш жоопкерчилигине тартабыз деп Пакистандын жаранын коркутуп, мындай аракеттер үчүн административдик жоопкерчилик каралганына карабастан андан 3500 АКШ доллары өлчөмүндө акча талап кылгандыгы аныкталды.

Мындан тышкары, ИИМдин кызматкерлери жана Пакистандын жарандары сойкулук үчүн жайды уюштурууга жана кармоого катыштыгы бар экендиги, алар интимдик мүнөздөгү кызматтарды көрсөтүп жүргөн башка Пакистандын жарандарын камкордукка алып, ал үчүн системалуу түрдө акча алып жүрүшкөндүгү тууралуу маалымат түшкөн.

2-ноябрда ИИМдин Ички иликтөө кызматынын катышуусунда акча каражатын берип жаткан жеринен “ортомчу” Пакистандын жараны, андан кийин Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынын жана Свердлов райондук ички иштер башкармалыгынын кызматкерлери кармалды. Алардын иштеген жеринде керектүү тергөө амалдары жүргүзүлдү.

Чогултулган материалдардын негизинде ИИББнын кызматкери Ж.А.Р жана Свердлов РИИБнин кызматкери Ж.К.М. жана Пакистандын жараны Х.М.И. кармалып, УКМКнын тергөө абагынын убактылуу кармоочу жайына камалды.

Учурда тергөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө.

 

 

 

692