7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Апрель 2024
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
2930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Президент: «Курултай аркылуу эл менен бийликти байланыштырып, элди бийликтин чыныгы ээсине айландырган»

418

Бишкектеги Токтогул Сатылганов атындагы улуттук филармонияда президенттин катышуусунда биринчи Элдик курултай өтүп жатат.

«Бүгүнкү күнү Курултай элибиздин тарыхый мурасына төп келген коомдук саясий инстутут катары жаңы конституциябыз аркылуу өз макамына ээ болду. Тарыхка сарасеп салсак элдик жыйын аркылуу мамлекет куруп келечекти аныктаган учурлары көп кездешет. Биздин ата-бабалар ушул Курултай инстутуту аркылуу эл менен бийликти байланыштырып, элди бийликтин чыныгы ээсине айландырган. Андыктан, байыркы уңгусун бузбай, ошол менен эле заман талабына ылайыктап, калкыбызды олуттуу чечимдерди кабыл алуу иштерине кеңири катыштырууну көздөп жатабыз. Биринчи элдик курултайыбыз дагы элибиздин, мамлекетибиздин өсүп-өнүгүү жолдорун издеген жалпы калк акылдашып кенеше турган улуттук улуу жыйын десем жаңылышпайм»,-деди өлкө башчы.

Курултайга өлкөнүн бардык облустарынан жана аймактарынан 1000ден ашуун делегат, ошондой эле Жогорку Кеңештин депутаттары, министрлер кабинетинин мүчөлөрү жана өлкөнүн мамлекеттик органдарынын жетекчилери катышууда.

Белгилей кетсек, Курултайдын жыйынтыгы боюнча биринчи элдик Курултайдын резолюциясы кабыл алынат.

 

 

Посмотреть эту публикацию в Instagram

 

Публикация от Жетинчи канал || 7 kanal (@7kanal_official)

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

419