7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Апрель 2024
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
2930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Президент: «Өлкөнүн коопсуздугун камсыз кылуу үчүн тийиштүү чараларды көрүп жатабыз»

327

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 10-мартта, ЖККУнун Башкы катчысы Имангали Тасмагамбетовду кабыл алды. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирди.

Аймактык коопсуздукту жана туруктуулукту камсыздоо маселелери, ошондой эле Уюмдун алкагында өз ара аракеттенүүнүн артыкчылыктуу багыттары боюнча пикир алмашуу болду.

Мамлекет башчысы Имангали Тасмагамбетовду жаңы кызматка киришүүсү менен куттуктап, аймактык жана эл аралык коопсуздукту чыңдоо үчүн Уюмдун максаттарын жана милдеттерин ишке ашырууга ал өзүнүн турмуштук жана кесиптик тажрыйбасын толугу менен жумшаарына ишенимин билдирди.

Садыр Жапаров аймактагы коопсуздуктун гаранты болгон ЖККУнун алкагында кызматташууга Кыргызстан өзгөчө маани берерин белгиледи. Аскердик, маалыматтык жана гуманитардык мүнөздөгү чараларды координациялоо максатында Кыргызстан өз аймагында үстүбүздөгү жылы ЖККУнун Тынчтык орнотуучу күчтөрү менен биргелешкен «Бузулгус боордоштук-2023» машыгууларын өткөрүүнү пландаштырууда.

“Белгилүү болгондой, куралдуу конфликттерде согуштук жана диверсиялык тажрыйбасы бар эл аралык террористтер ар кайсы мамлекеттерде көчүп-конуп, террористтик актыларды ишке ашыруу үчүн жарандарды жалдап жаткан коркунуч сакталууда. Буга биздин өлкөлөр да кабылып жатат. Буга байланыштуу мүмкүн болгон деструктивдик көрүнүштөргө өз убагында чара көрүү жана алдын алуу боюнча тиешелүү иштерди күчөтүү зарыл. Өз кезегинде Кыргызстан өлкөнүн коопсуздугун жана туруктуулугун камсыз кылуу үчүн тийиштүү чараларды көрүп жатат”, — деп белгиледи Президент.

Буга байланыштуу Мамлекет башчысы ЖККУнун ШКУ, КМШ, БУУ жана башка эл аралык уюмдар менен өнөктөштүк өз ара аракеттерди өнүктүрүү зарылдыгына басым жасады.

“Кыргызстан ЖККУнун ролун жана авторитетин жогорулатууга кызыкдар. Уюмда ЖККУга мүчө мамлекеттердин улуттук коопсуздугун камсыз кылуу үчүн шарттарды түзүү боюнча чоң мүмкүнчүлүктөр бар”, — деп ал баса белгиледи.

Президент Садыр Жапаров ЖККУнун компетенциясынын бардык аспектилери боюнча аймактык кызматташтыкты өнүктүрүүнү ырааттуу бекемдөө, коопсуздуктун чакырыктарына жана коркунучтарына ыкчам жооп кайтарууга жөндөмдүү аскердик-саясий эл аралык уюм катары потенциалды арттыруу боюнча биргелешкен күч-аракеттердин маанилүүлүгүн белгиледи.

Өз кезегинде ЖККУнун Башкы катчысы Имангали Тасмагамбетов Уюмдун жакынкы келечектеги программалары жана артыкчылыктары, ошондой эле ЖККУ Жамааттык коопсуздук кеңешинин кезектеги сессиясына даярдыктар тууралуу маалымат берди.

Ошону менен бирге Имангали Тасмагамбетов Президент Садыр Жапаровго төрагалык кылуучу тарап — Беларусь Республикасы тарабынан бекитилген ЖККУнун Жамааттык коопсуздук кеңешинин ноябрдагы (2022-жыл) сессиясынын чечимдерин ишке ашыруу боюнча Иш-чаралар планынын иш жүзүндө аткарылышы жөнүндө маалымат берди.

Тараптар ЖККУнун алкагында бардык багыттар боюнча натыйжалуу жана өз ара пайдалуу кызматташууга кызыкдар экендиктерин билдиришти.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

328