7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июнь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
23242526272829
30  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Президент Садыр Жапаров 5-май Конституция күнү менен куттуктады

1481

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 5-майда, кыргызстандыктарды Конституция күнү менен куттуктады. Бул тууралуу президенттин аппаратынын басма сөз кызматы билдирди.

«Урматтуу мекендештер! Сиздерди Конституция күнү менен куттуктайм!

Демократиялык жана укуктук мамлекеттин түптөлүшүнө негиз салган эгемендүү Кыргызстандын биринчи Конституциясы мындан туура 28 жыл мурун, 1993-жылы 5-майда кабыл алынган. Бул күн ушул чакта дагы өлкөбүздүн тарыхы үчүн өзгөчө символикалык мааниге ээ.

Эгемендүүлүк жылдарында биздин Баш мыйзамыбызга бир нече жолу өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилип, жаңы редакциялар кабыл алынган.
Мындай маанилүү күндө — 5-майда референдумдун расмий жыйынтыгына ылайык, «Кыргыз Республикасынын Конституциясы жөнүндө“ Кыргыз Республикасынын мыйзамына кол коюлганы турат.

Жаңы Конституция биздин өлкө үчүн актуалдуу болуп турган чакырыктарды эске алуу менен жазылды. Анда биз эл катары аздектеген баалуулуктарыбыз менен коом катары умтулуп жаткан идеалдарыбыз чагылдырылган.

Баш мыйзамыбыз элибиздин кызыкчылыгына ийгиликтүү кызмат кылып, Кыргызстандын мындан аркы натыйжалуу өнүгүүсүнө өбөлгө болот деп бекем ишенем.
Урматтуу кыргызстандыктар, сиздерге чың ден соолук, бакты-таалай, бакубатчылык, ийгилик жана өсүп-өнүгүү каалайм!», — деп жазылат куттуктоодо.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

1482