7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Январь 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1234
567891011
12131415161718
19202122232425
262728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Райондук аскер комиссариаттарынын биринин башчысы коррупция менен кармалды (ВИДЕО)

1085

Райондук аскер комиссариаттарынын биринин башчысы коррупцияга шектелип кармалды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.

Билдирүүгө караганда, ушул жылдын 9-сентябрында кылмышка шектүү делип Кылмыш-жаза кодексинин 336-беренеси («Коррупция») боюнча аскердик билеттерди берүүдө системалуу мыйзамсыз иш аракеттерди уюштурган райондук аскер комиссариаттарынын биринин башчысы кармалды.

Кармалган кызматкер адам УКМКнын тергөө абагынын убактылуу кармоо жайына камалды.

Учурда УКМК тарабынан өлкөнүн коргонуу жөндөмдүүлүгүнө зыян келтирген иштерге тиешеси бар, КР Коргоо министрлигинин аскерге чакыруу системасынын кызмат адамдарынын бул ишке катышын аныктоо боюнча тийиштүү атайын тергөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө.

 

 

 

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

1086