7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Август 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123
45678910
11121314151617
18192021222324
25262728293031
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Байдавлетов: Өрт чыккан ооруканадан 6 ымыркай облустук бейтапканага которулду

554

Аксы районунун Кербен шаарында жайгашкан ооруканадан чыккан өрттөн эч ким жабыркаган жок.

Жалал-Абад облусунун саламаттык сактоо боюнча координатору Каарманбек Байдавлетовдун маалыматы боюнча, жалпы дарыгерлер практикалык борборунун бир корпусунун чатыры толугу менен күйүп кеткен.

“Бейтаптар башка бөлүмдөргө которулуп, өздөрүнүн оорусуна ылайык дарыланууну улантып жатышат. Өрттөн жабыркагандар жок. Төрөт бөлүмүнөн жаңы төрөлгөн алты ымыркай Жалал-Абад облустук ооруканага которулду”, — деди ал.

Эскерте кетсек, бүгүн, 13-мартта Кербен шаарындагы жалпы дарыгерлер практикалык борборунун имаратында өрттөнүп, жалпы 134 бейтап эвакуацияланган.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

555