7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Декабрь 2024
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
23242526272829
3031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Садыр Жапаров «Airbus Europe» компаниясынын президенти менен жолукту

131

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 27-ноябрда Берлинде “Airbus Europe” компаниясынын президенти Йохан Пелиссье менен жолугушту.

Баарлашуунун жүрүшүндө мамлекет башчысы Кыргызстандын “Airbus” менен өнөктөштүк мамилелерди өнүктүрүүгө даярдыгын билдирип, дүйнөлүк авиация тармагында багыт берген компаниянын технология жана стандарттарынын жогорку деңгээлин белгиледи. Садыр Жапаров авиация тармагын өнүктүрүү Кыргызстан үчүн негизги приоритеттердин бири экенин баса белгиледи.

Ал буга чейин ишке ашырылган долбоорлордун, анын ичинде өлкөдө ийгиликтүү колдонулуп жаткан, республикалык бюджеттин эсебинен сатып алынган эки учактын маанилүүлүгүн айтты. Жолугушууда президент “Асман Эйрлайнс” улуттук авиакомпаниясын колдоо келечегине өзгөчө көңүл буруп, авиапаркты жаңылоого жана заманбап технологияларды киргизүүгө басым жасады.

Ал кызматташуунун биринчи фазасында эки Airbus учагын (A320 же A321 үлгүлөрү) лизингге алуу пландары тууралуу айтып берди, алар Европага, анын ичинде Бишкек-Париж, Бишкек-Берлин жана Бишкек-Лондон багыттары боюнча каттамдарды аткаруу үчүн колдонулат. Садыр Жапаров келерки жылы Кыргызстандын авиакомпаниялары Евробиримдиктин кара тизмесинен (EU Air Safety List — Евробиримдиктин аба коопсуздугу боюнча тизмеси) чыгарылышы күтүлүп жатканын билдирди.

Акыркы жылдарда авиациялык коопсуздукту жакшыртуу, эл аралык стандарттарды киргизүү жана инфраструктураны модернизациялоо боюнча жигердүү иштер жүргүзүлдү, жасалган иштер чектөөлөрдү алып салуу мүмкүнчүлүгүн кыйла жогорулатты. Анын айтымында, бул тизмеден чыгуу Европага түз каттамдар үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөрдү ачат.

Эгер эксплуатация ийгиликтүү болсо, экинчи фазада “Airbus” менен биргеликте авиапаркты андан ары кеңейтүү пландалууда. Президент “Airbus” менен кызматташуу республиканын авиация тармагын өнүктүрүүдөгү маанилүү кадам болуп калаарына ишенимин билдирип, кызматташууну мындан ары кеңейтүү үчүн предметтик сүйлөшүүлөргө даяр экендигин белгиледи. Жолугушуунун аягында Садыр Жапаров Йохан Пелиссьени жакынкы арада Кыргызстанга келип, өлкөнүн авиация тармагынын өкүлдөрү менен түздөн-түз диалогду улантууга чакырды.

132