7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июль 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123456
78910111213
14151617181920
21222324252627
28293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Садыр Жапаровдун Германияга болгон расмий сапары аяктады

265

Президент Садыр Жапаровдун 25-27-ноябрда Германия Федеративдүү Республикасына болгон расмий сапары аяктады.

Сапардын алкагында 26-ноябрда Берлинде Президент Садыр Жапаровдун Германиянын Федералдык Президенти Франк-Вальтер Штайнмайер менен расмий жолугушуу аземи болуп өттү.

Аземден кийин мамлекет башчылары чакан жана кеңейтилген форматтарда сүйлөшүүлөрдү өткөрүп, эки тараптуу кызматташтыктын кеңири маселелерин жана аны андан ары өнүктүрүүнүн келечегин талкуулашты.

Эки өлкөнүн лидерлери туруктуу өнүгүүнү бекемдөөгө багытталган биргелешкен демилгелерди ишке ашырууга даяр экендиктерин билдирип, эки тараптуу жана көп тараптуу байланыштарды мындан ары өнүктүрүүнүн маанилүүлүгүн белгилешти. 

Садыр Жапаровдун Берлинге болгон сапарынын алкагында билим берүү, саламаттыкты сактоо, энергетика, инфраструктура жана экология ж. б. тармактарындагы кызматташтыкты кеңейтүүгө багытталган эки тараптуу 17 документке кол коюлду.

Ошол эле күнү президент Садыр Жапаров Германиянын Федералдык канцлери Олаф Шольц менен жолугушту.

Алар эки тараптуу кызматташуу, анын ичинде экономикалык өз ара аракеттенүү, «жашыл» экономиканы өнүктүрүү, инфраструктуралык жана энергетикалык долбоорлорду ишке ашыруу маселелеринин кеңири спектрин талкуулашты. 

Кыргызстандын Президенти 27-ноябрда германиялык компаниялардын өкүлдөрү менен жолугуп, германиялык бизнес менен ачык активдүү диалогго жана Кыргызстанда бизнес жүргүзүү үчүн зарыл шарттарды түзүүгө даярдыгын билдирди.

Сапардын аягында Президент Садыр Жапаров “Airbus Europe” компаниясынын Президенти Йохан Пелиссье менен жолугушуу өткөрүп, анын жүрүшүндө Кыргызстандын бул компания менен өнөктөштүк мамилелерди өнүктүрүү, анын ичинде Европага түз каттамдарды уюштуруу үчүн эки учак сатып алуу ниети айтылды, бул нерсе өлкөдө авиация тармагын өнүктүрүү үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөрдү ачат.

266