7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Апрель 2024
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
2930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Садыр Жапаров: “Бизге жарым жыл убакыт, элдин колдоосу анан тынчтык керек. Кризистен чыгабыз! Көзүм жетет”

158

Учурдун эң башкы көйгөйү коррупция экени анык. Мамлекетти
аксатып, мите курттай ичтен жеп жаткан бул илдеттен өлкөнү кантип
куткарасыз?

-Коррупция менен ачык-айкын күрөшөбүз. Буга чейин да ишти баштап
койдук. Бир ай иштесем, анын 20 күнү ызы-чуу менен өттү, 10 күн толук
кандуу иштедик. 10 күндүн ичинде ишибизди көрсөттүк. Мындан ары да
ишибиз менен далилдейбиз. Коррупцияны тизгиндөөнүн негизги куралы
адам факторун азайтып, санариптешүү ишин тездетүү. Бардык мекеме-
ишканаларды санариптештиребиз. Буга чейин жеке кызыкчылыктардан
улам санариптиштирүүнү киргизбей жүргөн жетекчилер жоопко тартылат.
Эгерде шайланып келип калсам, баарын көзөмөлгө алабыз, тамашалашып
отурбайбыз. 2-3 жыл мөөнөт деген болбойт, 2-3 ай деген мөөнөт болот.
Аткарбайбы, жоопко тартабыз.

-Кыргызстан учурда экономикалык оор абалда турат. Бюджеттин
тартыштыгын жана тышкы карызды эске алганда экономиканы кантип
көтөрсө болот?

Быйылкы жылдын эсебинен 36 миллиард сом дефицит бар. Жылдын
аягына чейин сөзсүз төлөнүп берилүүчү каражаттардын баарын жаап
жатабыз. Кийинки жылдарда дефицити жок чыкканга аракет кылабыз. Ал
боюнча пландарыбыз бар. Ал эми сырткы карызды төлөө боюнча да
пландарды түзүп койдук. Эгер биз чоң-чоң долбоорлорду ишке ашыра
алсак, тышкы карызды өзүбүз эле төлөйбүз. Мүмкүнчүлүк бар. 2-3 чоң
долбоорлор бар, аларды иштетип 3-4 жылдын ичинде тышкы карызды толук
жаап кеткенге мүмкүнчүлүгүбүз бар. Ал эми экономикалык кризистен сөзсүз
түрдө чыгабыз. Кошуна жана алыскы мамлекеттер менен иш алып барып
жатабыз. Экономикалык жактан катуу кризиске учурабайбыз. Бизге жарым
жылдык убакыт керек, элдин колдоосу керек, тынчтык керек, кризистен
чыгып кетебиз буюрса. Көзүм жетет.

-Абалды жөнгө салуу үчүн көмүскө экономиканы ачыкка чыгарууга
аракет кылып баштадыңыз. Муну, сиз, кандайча ишке ашырайын деп
жатасыз?

-Бизде көпчүлүк жакшы билгендей бизнестин басымдуу бөлүгү көмүскөдө
турат. Бул көйгөйдү комплекстүү чечүү керек. Реформалоо жолу менен
мыкты ийгиликтерге жетишкен башка өлкөлөрдүн тажрыйбасын
пайдалансак болот. Биз бизнес ачык иштегенге өзү кызыкдар боло турган
шарттарды түзүшүбүз керек. Буга буйруса, жетебиз. Ички
инвестициялардын мүмкүнчүлүгүн да акыр аягына чейин пайдалана албай
жатабыз. Ошол жагына да өзгөчө маани берүү керек.
Экономиканы көмүскөдөн чыгарсак, бардык шартты түзүп берсек, тышкы
инвесторлорду да тартууга, учурда иштеп жаткандарын да мындан мыкты
иштетип, көбүрөөк пайда берүүсүнө жетишебиз.

-Бул үчүн эмне кылуу керек?

-Баары жөнөкөй. Иштей турган чыныгы профессионалдар керек. Алар менин
саясий көз караштарымды жактырабы, жокпу, кеп анда эмес. Башкысы алар
иштеши керек. Иштегенде да сапаттуу, натыйжалуу иштегенди билүүгө
тийиш.

— Сиз, президенттин милдетин аткаруучу, премьер-министрдин
кызматтарына киришкен алгачкы күндөрдөн тартып кадрларды
дайындоо жаатында сынга кабылдыңыз? Шайланып калсаңыз, кадр
тандоодон адашпайсызбы?

— Мен бардык сынды кабыл алам жана өзүм кетирген кемчиликтерди
түшүнүп турам. Мунун ичинде, кадр дайындоодогу мүчүлүштүктөрүм да бар.
Ошол учурда биринчи кезекте кырдаалды турукташтырып, диверсияга,
каражаттарды өлкөдөн чыгарып кетүүгө жол бербөө керек болчу.
Мамлекеттик органдардын жана ишканалардын нормалдуу иштеп туруусун
камсыздоо зарыл эле. Ушундай кысталыш шарттарда анча-мынча кадрлык
катачылыктар кетип калганын танбайм. Бирок биз мунун баарын оңдойбуз.
Эң башкысы, кокусунан келип калгандар кетип, алардын ордун чыныгы иш
билги адамдар ээлеши керек.
Өзүңүз түшүнөсүз да, президенттик шайлоодон кийин мамлекеттин жаңы
башчысы жаңы команда топтойт. Азыр иштеп жаткан өкмөттүн милдети –
экономикалык кыйроого жол бербей, туруктуулукту камсыздоо. Мунун
ичинде, шайлоо менен референдумду өткөрүү маселеси да турат.

Колу таза, билимдүү, иш билги, тажрыйбалуу, мекенин чексиз сүйгөн
адамдардан команда топтомокчу болуп атасыз? Андай адамдарды
кайдан табасыз?

— Табабыз. Андай адамдар бар. Бирок саясий оюндардан, негизги
кызматтарга тууган-уруктар, достор, достордун туугандары дайындалып
жаткандыктан, анан калса, кызматтар кадимкидей сатылып жаткандан улам
чыныгы иш билги адамдар четке чыгып калышкан. Алар өлкөсүнө
жакшылык каалаганы менен өзүлөрүнүн тарбиясынан,
интеллигентүүлүгүнөн, балким, жумшактыгынан улам чирип калган
системага каршы тура алышкан эмес. Мен жогоруда бизде потенциал бар
деп айтпадымбы. Тажрыйбасы мол адистер, таланттуу жаштарыбыз четтен
чыгат. Болгону аларга шарт гана түзүп беришибиз керек.
Мамлекеттик кызматтарга дайындоонун ачык сынактык системасын камсыз
кылышыбыз зарыл. Кадр системасын реформалоону да создуктурууга
болбойт.

Президенттик шайлоодо жалпы эл күчтүү лидерди күтүп жатат. Сизди
күчтүү лидер деп атасак болобу?

-Мен андаймын, мындаймын деп айта албайм. Кудай буйруп, элимдин
колдоосуна ээ болуп калсам, президенттикке шайлансам ишим менен
көрсөтөм.

Аткаруучу: « ___7tv.kg____ » ; дареги: Кыргыз Республикасы,
Бишкек ш.,Байтик Баатыр көчөсү 53;

. Буюртмачы: Төлөгөнова Аида Бейшеналиевна, Кыргыз Республикасынын Президентинин кызматына талапкер Жапаров Садыр Нургожоевичтин каржы маселелери боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү. Нускасы: ______. 2020-жылдын 21-декабрь даярдалды.
Кыргыз Республикасынын Президентинин кызматына талапкер
Жапаров Садыр Нургожоевичтин шайлоо фондунан каржы
маселелери боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Төлөгөнова Аида
Бейшеналиевна тарабынан төлөндү (күб. № 35, 16.11.2020-ж).

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

159