7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Ноябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12
3456789
10111213141516
17181920212223
24252627282930
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Садыр Жапаров Душанбеге иш сапар менен барат

552

Президент Садыр Жапаров Тажикстандын президенти Эмомали Рахмондун чакыруусу менен үстүбүздөгү жылдын 14-сентябрында Борбор Азия мамлекеттеринин башчыларынын Бешинчи консультативтик жолугушуусуна катышуу үчүн Душанбе шаарына иш сапар менен барат. Бул тууралуу Президентинин Администрациясынын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Муратбек Азымбакиев билдирди.

«Иш-чарага Борбор Азиянын башка мамлекеттеринин башчылары катышары күтүлөт. Сапардын алкагында Садыр Жапаров Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон менен эки тараптуу сүйлөшүүлөрдү өткөрөт.

Душанбеде боло турган Борбор Азия мамлекеттеринин башчыларынын Бешинчи консультативтик жолугушуусу көп тараптуу кызматташтыктын актуалдуу маселелерин, ошондой эле регионалдык өз ара аракеттенүүнүн келечегин талкуулоону көздөйт деп күтүлүүдө»,- деп билдирди Муратбек Азымбакиев.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

553