7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Сентябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
2930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Садыр Жапаров Катардын улуттук олимпиада комитетинин президентин кабыл алды

368

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 28-апрелде, Катар мамлекетинин улуттук олимпиада комитетинин президенти шейх Жоан бин Хамад Аль Танини кабыл алды.

Анда спорттогу кыргыз-катар кызматташтыгын өнүктүрүү, олимпиадалык кыймылды илгерилетүү жана спорттук инфраструктураны чыңдоо маселелери талкууланды.

Садыр Жапаров Катар ири спорттук иш-чараларды өткөрүүдө эбегейсиз тажрыйба топтоп, спорттук инфраструктураны өнүктүрүп жана ири объектилерди курууда чоң ийгиликтерге жетишкенин белгиледи.

Мамлекет башчы Кыргызстанда олимпиадалык бассейн, бокс академиясы жана улуттук олимпиада комитетинин жаңы имараты сыяктуу заманбап спорттук объектилерди куруу үчүн Катардын тажрыйбасын жана инвестицияларды тартуу мүмкүнчүлүгүн карап чыгууну сунуштады.

Жоан бин Хамад Аль Тани Кыргызстан менен кызматташууну өнүктүрүүгө кызыкдар экенин билдирип, эки өлкөнүн спорттук байланыштарын чыңдоого багытталган сунуштарды кароого даяр экенин белгиледи. Ал Кыргызстандагы мектептерде сууда сүзүүнү өнүктүрүү боюнча долбоорду ишке ашырууну сунуштады.

Тараптар спорт тармагындагы кызматташтыкты өнүктүрүү Кыргызстан менен Катардын ортосундагы достук мамилени чыңдоого өбөлгө болоруна ишеним билдирди.

369