7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Октябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12345
6789101112
13141516171819
20212223242526
2728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Садыр Жапаров КТРКны реформалоо керектигин баса белгиледи

628

Коомдук телерадиокорпорациясын реформалоо керек. Бул тууралуу «Ала-Арча» мамлекеттик резиденциясында президент Садыр Жапаров элге кайрылуу жасап жатып билдирди.
Анын айтымында, ал үчүн сырттан маалыматтык технологияларды алып келүү аркылуу теле-радио корпорацияны Кыргызстанды тааныта турган глобалдык медиа-долбоорго айландырса болот.

“Кыргызды дүйнөгө тааныткан акындык, төкмөлүк, манасчылык институттарын, мындан сырткары, улуттук көркөм өнөрдү, кыргыз адабияты менен киносун колдоого алып, өнүктүрүү зарыл”, — деди Жапаров.

Кыргыз дүйнөсүн сактап калууда кыргыз тилинин орду өзгөчө.

Өлкө башчысы белгилегендей, мамлекеттик тилди өнүктүрүү программасы мамлекеттик саясаттын милдеттүү элементи болот.»Кыргыз тили Кыргызстан элинин бардык өкүлдөрү үчүн интеграциянын жана коммуникациянын инструменти болууга тийиш”, — дейт ал.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

629