7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Сентябрь 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123456
78910111213
14151617181920
21222324252627
282930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Садыр Жапаров менен Шавкат Мирзиёевдин расмий жолугушуу аземи болуп өттү

711

Бүгүн, 18-июлда, Ташкент шаарында Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров менен Өзбекстан Республикасынын Президенти Шавкат Мирзиёевдин расмий жолугушуу аземи болуп өттү.

Президент Садыр Жапаров “Куксарой” мамлекеттик резиденциясына келди.

Эки өлкө лидерлери атайын подиумга чыгышты. Кыргызстан менен Өзбекстандын мамлекеттик гимндери жаңырды.

Ардак кароол бөлүгүнүн командири рапорт берип, андан соң Садыр Жапаров менен Шавкат Мирзиёев түзүмдү кыдырып өтүштү, кароолдун жоокерлери менен салам алышып, Өзбекстан Республикасынын мамлекеттик желегине таазим кылышты.

Андан соң мамлекет башчылары өздөрүнүн расмий делегацияларынын мүчөлөрүн тааныштырды. Андан ары Мамлекеттик резиденциянын фойесинде мамлекеттик желектердин фонунда сүрөткө түшүү аземи болду.

Расмий жолугушуу аземи аяктагандан кийин Садыр Жапаров менен Шавкат Мирзиёев тар курамдагы сүйлөшүүлөргө өтүштү.

 

 

712