Жол кайгуул кызматынын инспектору Мирлан Таалайбековду унаа сүзүп кетти.
Маалыматка караганда, Чолпон-Ата шаарында жол боюнда турган инспекторду кичи автобус коюп кеткен. Мирлан Таалайбековдун башы чайкалып, колу сынганы айтылууда.
Белгилей кетсек, Мирлан Таалайбеков жол эрежесин бузган айдоочуларды видеого тартып социалдык тармактагы баракчаларга чыгарып турат. Айрыкча анын аткаминерлер же саясатчыларды кызмат абалына карабай айыпка жыкканы коомдо колдоого алынып келет.
Инспектор туристтик сезон учурунда Ысык-Көлгө которулган.