Жалал-Абад шаарындагы «Асман резиденс» 1,2,3 ипотекалык турак жайларын салуу иштери жүрүүдө. Бул тууралуу президенттин иш башкаруучусу Каныбек Туманбаев билдирди.
“Турак жай комплексиндеги үйлөр “Менин үйүм 2021-2026” программасынын алкагында карапайым калкка 25 жылга ипотекага берилет.
Жобого ылайык комплекс жалпысынан 639 батирден туруп, балдар үчүн аянтча жана паркингди камтыйт.
Журак жайлар этап этабы менен быйылкы жылдан тартып бериле баштайт”,-деген билдирүү калтырган.