7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Ноябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12
3456789
10111213141516
17181920212223
24252627282930
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Садыр Жапаров расмий сапар менен Токиого барды

512

Президент Садыр Жапаров расмий сапар менен Токиого барды.

Мамлекет башчынын борту «Ханеда» эл аралык аэропортуна конду.

Аэропорттун флагштокторунда Кыргызстандын жана Япониянын желектери илинип, Ардактуу кароол тизилди.

Президент Садыр Жапаровду Япониянын тышкы иштер мамлекеттик министри Кийото Тсуджи жана башка расмий адамдар тосуп алды.

Эскерте кетсек, сапардын алкагында Мамлекет башчысы Улуу Даражалуу Император Нарухито, Япониянын Премьер-министри Фумио Кисида, Парламенттин спикери Фукусиро Нукага, парламенттин депутаттары, ошондой эле ROTOBO – Япониянын бизнес ассоциациясы, JATA – Япониянын туроператорлор ассоциациясы, JBIC – Япониянын Эксимбанкы, JETRO – Япониянын тышкы сооданы өнүктүрүү ассоциациясы, JICA – Япония эл аралык кызматташтык агенттиги сыяктуу жана башка түзүмдөрдүн жетекчиликтери менен жолугушууларды жана сүйлөшүүлөрдү өткөрөт.

513