7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июнь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
23242526272829
30  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Садыр Жапаров Түркиянын президенттик комплексине барды

470

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 16-мартта, Түрк мамлекеттер уюмунун башчыларынын саммитинин кезексиз жыйынына катышуу үчүн Түркиянын Анкара шаарындагы президенттик комплексине келди. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирди.

Президенттик комплекске иш-чарага катышуу үчүн келген лидерлерди жана делегациялардын башчыларын Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдоган тосуп алды.

Салтанаттуу тосуп алуу жана биргелешип сүрөткө түшүү аземи аяктагандан кийин өлкө лидерлери жолугушуу залына өтүштү.

Уюмдун мамлекет башчыларынын кезексиз жыйынынын темасы – “Кырсыктарды башкаруу жана гуманитардык жардам”.

Иш-чарада табигый жана техногендик коркунучтардан улам келип чыккан табигый кырсыктар, ошондой эле жамааттык чара көрүү маселелери талкууланат.

Саммиттин ишине уюмга мүчө мамлекеттердин – Кыргызстандын, Түркиянын, Азербайжандын, Казакстандын жана Өзбекстандын башчылары катышууда.

Саммиттин ишине Түркмөнстандын Халк Маслахаты Милли Генгешинин төрагасы жана Венгриянын премьер-министри ТМУда байкоочу статусуна ээ өлкөлөр катары катышууда.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

471