7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Декабрь 2024
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
23242526272829
3031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Садыр Жапаровдун Казакстанга болгон иш сапары аяктады

109

Президент Садыр Жапаровдун 27-28-ноябрда Казакстан Республикасына болгон иш сапары аяктады.

Астанада Мамлекет башчысы Жамааттык коопсуздук жөнүндө келишими Уюмунун Жамааттык коопсуздук кеңешинин (ЖККУ ЖКК) кезектеги сессиясына катышты.

Сессия Казакстандын Президенти Касым-Жомарт Токаевдин төрагалыгы астында өттү. 

Президент Садыр Жапаров өз сөзүндө дүйнөдөгү жана региондогу кырдаалды өнүктүрүү коопсуздук коркунучтары менен күрөшүүдө гана эмес, тынчтыкты жана туруктуулукту сактоодо да күч-аракеттерди бириктирүүнү талап кылаарын белгиледи. Буга байланыштуу Жамааттык коопсуздук Кеңешинин “ЖККУ алкагында союздаштык мамилелерди мындан ары чыңдоо жөнүндө” чечими кызматташтыкты союздаштыктын духунда мындан ары курууга болгон жалпы умтулууну айгинелейт.

Ал жамааттык күчтөрдүн даярдыгын жогорулатуу, ченемдик укуктук базаны жакшыртуу, ыкчам жана күжүрмөн даярдыктын биргелешкен иш-чараларын ишке ашыруу аркылуу аскердик түзүмдү мындан ары да өнүктүрүүнүн маанилүүлүгүнө басым жасады.

Президент ошондой эле Кыргызстандын 2025-жылы Киберкоопсуздук боюнча эл аралык конференция өткөрүү ниетин билдирди.

Сессиянын жүрүшүндө эл аралык жана регионалдык коопсуздуктун актуалдуу көйгөйлөрү, уюмдун сессиялар аралык мезгилдеги ишмердүүлүгүнүн негизги жыйынтыктары талкууланды. 

Иш-чаранын соңунда бир катар документтерге кол коюлду, алардын ичинде “Жамааттык коопсуздук жөнүндө келишим Уюмунун тажик-афган чек арасын бекемдөө боюнча мамлекеттер аралык максаттуу программасы тууралуу” ЖККУ ЖККнын чечими кабыл алынды.

ЖККУ төрагалыгы 2025-жылдын 1-январынан тартып Казакстандан Кыргызстанга өттү.

Иш сапарын аяктап, 28-ноябрда Президент Садыр Жапаров Бишкек шаарына кайтып келди.

110