7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Сентябрь 2024
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
23242526272829
30  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Садыр Жапаровдун Россияга болгон иш сапары аяктады

284

Президент Садыр Жапаровдун 7-9-майда Россия Федерациясына болгон иш сапары аяктады.

8-майда Москвадагы Чоң Кремль сарайында Садыр Жапаров Евразия экономикалык биримдиги жөнүндө келишимге кол коюлган күндүн он жылдыгына карата өткөрүлгөн Жогорку Евразиялык экономикалык кеңешинин (ЖЕЭК) мааракелик жыйынына катышты.

Иш-чара Армения Республикасынын Премьер-министри Никол Пашиняндын төрагалыгы астында Беларусь Республикасынын Президенти Александр Лукашенконун, Казакстан Республикасынын Президенти  Касым-Жомарт Токаевдин, Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровдун, Россия Федерациясынын Президенти Владимир Путиндин жана ЕАЭБдин байкоочу өлкөлөрүнүн лидерлери — Куба менен Өзбекстандын Президенттеринин катышуусунда өттү.

Отурумдун жүрүшүндө мамлекет башчылары Биримдиктин алкагында мындан аркы өз ара аракеттенүүнүн негизги милдеттерин жана багыттарын талкуулашты, андан кийин бир катар документтерге, чечимдерге кол коюп, кабыл алышты.

Президент Садыр Жапаров 9-майда иш сапарынын алкагында Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиштин 79 жылдыгына карата аскердик парадга катышты.

Жеңиш парады аяктагандан кийин Президент Садыр Жапаров жана Беларусь, Казакстан, Тажикстан, Түркмөнстан, Өзбекстан мамлекеттеринин башчылары Россия Федерациясынын Президенти Владимир Путин, ошондой эле делегация башчылары жана Улуу Ата Мекендик  согуштун ардагерлери менен Александр бакчасындагы Белгисиз Солдаттын мүрзөсүнө гүл коюу аземине катышты.

Садыр Жапаров иш сапарын аяктап, 9-майда Бишкекке кайтып келди.

 

285