7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Апрель 2024
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
2930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Саламаттыкты сактоо министрлиги мамлекетке 1 млн доллар чыгым келтиргени аныкталды

171

Саламаттыкты сактоо министрлиги мамлекетке 1 млн доллар чыгым келтиргени аныкталды. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы билдирди.


Маалыматка ылайык, Башкы прокуратура тарабынан Саламаттыкты сактоо министрлигинде текшерүү жүргүзүлүп, анын жыйынтыгы менен Министрликтин айрым кызмат адамдары өз кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдаланып, 2014-2019 жылдарга карата аудит жүргүзүү боюнча консультациялык кызматтарды сатып алууда, тийиштүү мониторинг жүргүзбөстөн ага негизсиз жогору сумманы пландаштырып, өткөрүлгөн тендердин жыйынтыгында «D.&T.» ЖЧКсы менен билип туруп мамлекет үчүн пайдасыз 1 060 730 АКШ долларына контракт түзүп, анын негизинде аталган ЖЧКга 63 млн. 804 миң 432 сом которулуп, натыйжада мамлекетке өзгөчө ири өлчөмүндө зыян келтирилген.

2020-жылдын 5-декабрында Башкы прокуратура тарабынан жогорудагы факты Кыргыз Республикасынын ЖКнин 320-бер. (Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу), 322-бер. (Билип туруп пайдасыз контракт түзүү) менен КЖБРге катталып, сотко чейинки өндүрүш ишин жүргүзүү жагы тийиштүү тергөө органдарына тапшырылган.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

172