7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Ноябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12
3456789
10111213141516
17181920212223
24252627282930
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Соода борборунан уурдалган үч жашар кыз табылды

424

Бишкекте соода борборунан үч жашар кызды уурдап кетишкен. Бул тууралуу Свердлов РИИБден билдиришти.

Маалыматка караганда, 9-ноябрда милицияга С.М. аттуу жаран белгисиз адамдарга карата чара көрүү арызы менен кайрылган. Анда ошол эле күнү Жибек-Жолу көчөсүндө жайгашкан оюн залдарынын биринде жашы 2020-жылы туулган кызды уурдап кетип, андан соң белгисиз тарапка качып кетишкен.

Аталган факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 165-беренесине (Адамды уурдоо) ылайык кылмыш иши козголду.

Милиция кызматкерлери мурда уурдалган баланы таап, ата-энесине кайтарып беришкен.

«Баланы издөө үчүн шаардык милициянын жалпы жеке курамы тартылган. Милицияга 13 жаштагы Т.А. жана 25 жаштагы Р.М. аттуу аял жеткирилди. Учурда окуянын чоо-жайы такталууда», — дешти милициядан.

 

 

 

 

425