Жалал-Абад облусунун Сузак районунда тамак-аштан уулангандардын саны 124гө жетти. Бул тууралуу санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө борборунун жетекчиси Рома Ураимов билдирди.
Маалыматка ылайык, жабыркаган 124 адамдын 16сы ооруканага жаткырылды. Калгандары көзөмөлдө. Алардын 4ү жаш балдар, арасында кош бойлуу аял да болгон.
Эскерте кетсек, Бек-Абад айылында 10-октябрда сүннөт той өтүп, жылкы союлган.
Сузак: Тамак аштан ууланууга шектелип 70тей жаран ооруканага кайрылды