7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Февраль 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
232425262728  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Төрага Шакиев депутаттардын чет өлкөгө чыгуусуна чектөө киргизилерин эскертти

818

Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиев депутаттардын июль айында чет өлкөгө чыгуусуна чектөө киргизилерин эскертти. Мындай чара эл өкүлдөрүнүн каникулга чыгуусуна бир ай калгандыгына жана жумуштун көптүгүнө байланыштуу экенин айтты.

«Парламенттин жайкы каникулга тарашына толук бир ай убакыт калды. Ошол бир ай убакыт ичинде үзүрлүү, натыйжалуу иштеп берүүңүздөрдү чакырат элем. Себеби, өлкөнүн келечегине байланышкан маанилүү мыйзамдар бар. Андыктан, бир ай бою өзүңүздөрдүн милдеттериңиздерди так аткарып берсеңиздер. Ошону менен катар чет өлкөлүк иш сапарлардын баарына чектөө болот, ага таарынбаңыздар. Эки-үч депутаттан көп сапарлар болбойт. Ошон үчүн сапарларды сиздер дагы, биз дагы чектейбиз»,- деди төрага.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

819